Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” Сыйлоо жөнүндө буйругун Кыргы Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы ээлерине тапшырды. Буйрукка ылайык, Аликеев Адилет Мухтарович, Э.Б. жана Бурулай Абдыбекова куткарууга катышкандыктары үчүн сыйланышты.
Эске сала кетсек, 2016-жылдын 2-январында болжол менен саат 15:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Көл шаарында Аликеев Адилет Мухтарович жубайы Жапаркулова Арскан Мырзатаевна жана эки балдары автоунаада шаардын ичинде жайгашкан Комсомол көлүнүн жанынан келе жатышканда Бурулай Абдыбекова жолго чыгып, аларды токтотуп, көл үстүндө 6 жашар кыз муз тээп ойноп жаткан учурда муз жарылып, сууга чөгүп бара жатканын айткан. Аликеев Адилет Мухтарович автоунаасынан түшүп, куткаруу максатында көл жээгине келип, 30-40 метр муз үстүндө басып барып, кыздын колунан кармап, аны өзүнө тарткан учурда, муз сынып куткарууда бир топ кыйынчылыктар жаралган. Жыйынтыгында өзүнүн чыныгы азаматтыгын көрсөтүп, 6 жашар кызды кармап, чөктүрбөгөнгө болгон аракетин жасаган. Аларды көрүп калган КР Улуттук мамлекеттик коргоо комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн кызматкери Б.Э. аркан таштап, биргеликте кызды куткарып, көл жээгине алып чыгышкан эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ