Ак илбирсти атпоо тууралуу мыйзам чыкканына карабай, айрым колу кычышкандар кездеше калып жатат. Өткөндө Ысык-Көл облусунан 48 жаштагы Аскарбек Каранаев деген жаран илбирс атып кармалып, “көзүмө карышкыр көрүнүп кеткенинен эки көздүн ортосуна атып жиберип, жанына барсам илбирс болуп кубулуп кетти” деген шылтоосун айткан. Мыйзам ага карамак беле, ага Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча иш козголуп, “илбирс атканды кой, үйүңдөн чыксан көрөсүң” дешип, үй камагына алышкан. Ошол жаран акыры мыйзамда каралгандай 500 миң сом айып пул төлөмөй болду. Анын 200 миң сомун төлөдү. Дагы 300 миңи бар. Бул беренге эмкиде коён атса да, кокустан илбирс болуп кетпеши үчүн көзүн чоңураак ачып жүргөндөй сабак болду окшойт.
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ