Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылы июнь айында шайланган эле. Быйыл мөөнөтү бүтүп жатат. Жакынкы күндөрдө парламент БШКнын жаңы курамын шайлайт. Мыйзам боюнча 12 адамдан турган БШКнын курамынын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда 4 талапкерди президент тандап көрсөтөт, үчтөн бирин, 4 талапкерди Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштайт. Ал эми калган 4 талапкерди парламенттин оппозициялык фракциялары (“Республика-Атажурт”, “Бир бол”) тандашат.
Бүгүнкү күнгө карата “Ата-Мекен” фракциясы Гүлнара Журабаеваны сунуштады.
КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловду түртүп жатат
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Назарали Ариповду
“Кыргызстан” фракциясы Акылбек Эшимовду
“Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди
“Республика-Атажурт” фракциясы Атыр Абдрахматованы жана Елена Жылкычиеваны сунушташууда.
Ошондо 12 адамдан турган БШКнын 8 талапкери аныкталып калды. Эми Алмаз Атамбаев расмий түрдө 4 талапкердин атын аташ керек. Анан шайлоо жакынкы күндөрдө өткөнү турат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ