Menu

Камчыбек Ташиев: “Өзбекстандын премьер-министринин айткан сөзүнө мен жооп берүүнү чечтим. Себеби биздин Өкмөттүн жооп берүүгө чамасы келбей калган окшойт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Өзбекстандын өкмөт башчысынын айткандарына жооп берди.

Төмөндө Камчыбек Ташиевдин социалдык баракчасына жазган посту өзгөрүүсүз берилет.

“Урматтуу эл журт!

01.06.20. күнү Өзбек Республикасынын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзүнө мен жооп берүүнү чечтим, себеби биздин Өкмөттүн жооп берүүгө чамасы келбей калган окшойт. Кыргызстанда мамлекеттин, жердин жана бийликтин ээси Кыргыз эли, а мен ошол элдин мекенчил атуулумун!!!

Коңшу Өзбек республикасынын Өкмөт башчысы мырза А.Арипов, угуп, анан түшүнүп алыңыз;
1. “Чечме” айлындагы суу булагы Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, коңшу мамлекеттин жарандарына макулдашуу аркылуу гана бере алабыз.

2. Сох айылына суу, жер жетпегендин себеби, ошол территорияда жашаган элдердин өтө тездик менен көбөйүп кеткендигинде, алар көбөйгөн сайын сууларыбызды, жерлерибизди аларга бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетишпейт. Ашыкча элиңиз болсо Өзбекстанга көчүрүп кетиңиз, а биз болсо бир метр жерибизди бербейбиз!!!

3. Биз болуп өткөн окуя боюнча кечирим сурабайбыз. Себеби булагыбызды тазалоо учурунда өзбек жарандары келип кол салышкан жана биринчи үйдү алар күйгүзүшүп, кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан, а биздин атуулдар бир канча убакыттан кийин топтолуп келишип гана «катылгандын катыгын» беришкен. Биз Өзбек элин, мамлекетин сыйлайбыз жана тең ата сүйлөшүүгө милдеттүүбүз!

4. Сох-Риштан жолун ачуу боюнча эч кандай юридикалык документти көргөн жокбуз. Анда эмне үчүн Кара-Суу районунун территориясында жайгашкан Кыргызстандын «Барак» айылын толук блокада кылып жок кылдыңар. Кыргызстандан чыккан суулар Кудайдыкы деп айтыпсыз. Анда Өзбекстандан чыккан газды да ошол оюңуз менен бизге бекер бериңиздер.

5. Биз Өзбек мамлекети менен Кудай кошкон коңшубуз. Ошондуктан үстөмдүк кылуу саясаты эки өлкөгө тең абийир жана жакшылык алып келбейт.

Урматым менен Камчыбек Ташиев 03.06.2020″,- деп жазган ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: