Шейшемби, 2-август күнү Бишкек шаарындагы “Азия тоолору 2” мейманканасынын конференц залында “Атамбаев. Конституция. Кайран элим, кайда баратабыз?” аттуу төгөрөк үстөл өтөт. Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, белгилүү саясатчылар, эксперттер, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер чакырылган.
Төгөрөк үстөлдүн катышуучулары бийлик күзгө уюштуруп жаткан референдумдун мыйзамдуулугун, конституциялуулугун жана максатка канчалык ылайыктуулугун талдашып, бийлик Конституцияга киргизүүгө сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдүн чыныгы максаттарын ачыкка чыгарат.
Төгөрөк үстөлдү Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Элдик саясат” коомдук институту, Res Publica гезити, “Улуттук кызыкчылык” тобу уюштуруп жатат.
“Азия тоолору 2” мейманканасынын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү-156, Шоруков көчөсү менен кесилишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ