Бүгүн, 24-июнда ШКУнун жыйыны башталардын алдында президенттер Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов жолугушту. Бул тууралуу “Азаттык” өз кабарчысына шилтеме берип билдирди.
Ал эми күн тартиби боюнча президенттердин жолугушуусу бүгүн түштөн кийинкиге пландалган. Маалыматка караганда жолугушууга журналисттер киргизилген жок.
Эске салсак, бүгүн Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ