Депутаттар “Референдум жөнүндө” контитуциялык мыйзам долбоорун алып чыгуу менен өздөрүнө өздөрү көр казып жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “өнүгүүчү” Камчыбек Жолдошбаев билдирди. Анын айтымында бул мыйзамдын кабыл алынышы менен парламент тарап кетиши ыктымал.
“Учурунда Бакиев бир күндө Жогорку Кеңешти таратып жибергени эсиңерде болсо керек. Ушул Текебаевдин адамдары булактын башын булгап коюп, анан кайра эле элге кошулуп суу иче береби? Айтып коёюн, депутаттар, өзүңөргө өзүңөр көр казбагыла. Мындай мыйзамдын бизге кереги жок, давай сөз бүттү”, – деди Жолдошбаев.
Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.
Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, референдум жөнүндөгү аракеттеги мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Талкууда аталган мыйзам долбоору эмне зарылчылыктан улам демилгеленгендиги такталып, референдум өткөрүүнү 10 миң шайлоочу жана өкмөт тарабынан демилгелөөсү боюнча айрым жагдайлар тууралуу кайчы пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорун коомчулукка алып чыгып, талкууга алуу зарылдыгын сунушташты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ