Бүгүн Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаа жолунун 142-143-чакырымында таш кулап, “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автоунааны басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада автоунаадагы бир жүргүнчү каза болуп, анын айдоочусу жаракат алды. Маалыматка ылайык автоунаада 11 адам болгон.
Учурда Кемин райондук №32 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылып, автоунаа жолуна түшкөн майда таштар толугу менен тазаланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ