Бүгүн, 16-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясы мурун “Дастан” заводуна караган, кийин 2008-жылы Бакиевдер менчиктештрип алган Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы 27 гектар жерди 2010-жылдагы революциядан кийин Атамбаевдин айланасындагы күчтөр кантип 5 жыл катып жүрүп, эми Атамбаев ээлеп алганын талкуулайт. Бул тууралу “Ата-Мекен” фракциясынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Андан сырткары Атамбаевдин оң колу, азыркы Бишкектин мэри, “Манас” аэропортунун экс-президенти Албек Ибраимов “Манас” аэропортуна жанаша салынган авиажүргүнчүлөргө тамак даярдоочу баасы 2 миллион доллар турган цехти чет элдик инвесторлордон 15 миллион долларга сатып алдым деп “Манас” аэропортунун кассасынан 15 миллион доллар сарптаган фактыны жиликтейт. Айрымасы 13 миллион доллар кайда? деген маселе коюлууда.
Кечээ, 15-сентябрда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, “Кой-Таштагы Бакиевдерге караштуу 27 гектар жерди 2010-жылдагы революциядан кийин Атамбаевдин кишилери захват кылып алышып, 5 жыл катып жүрүп, эми Алмаз Атамбаев ээлеп алып үй салып жатат” деп билдирди.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ