Текебаевдин бир буту коалицияда, бир буту оппозицияда турган талтайган абалына партиялаштарынын ичи чыкпай нааразы. Жеке ич күптүлүгүнөн бүтүндөй партия азап тартпашы керек дегендер чыгууда. Эки тоонун чөбүн эңсеп, ач көздөнгөн кылыгы моралдык этикага сыйбасын жумурай журт көрүп-билип жатат. Бир Өмүрбек Текебаевдин керт башынын кызыкчылыгы үчүн бир канча партиялаштары запкы тартып, кызматсыз калышууда. Оозун чойгон саясий чайкоочулугунун кесепетинен бир кездери талап-тоноочулукка шектелишкен үзөңгүлөштөрү Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун башына кара булут айланууда. Эртең кылмышка шектелип камалыша турган болсо Текебаев суудан кургак чыгып, азапты экөө тартаарынан күмөн санабай койсок болот. Минтип санаалаштарын отко түртүп, бирөөнүн колу менен чок кармаган Текебаевдин оюнуна анан кантип партиялаштары макул болсун. Албетте, жек көрөт да.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ