Menu

Ширин Сарыгулова, ырчы: “Эч нерсе мени сүрдөтө албайт…”

Бөлүшүү:

– Күз – күрөш дегендей, азыркы тапта баарыбыз кыштын камылгасын көрүп чуркап жүргөн кезибиз. Сиз кышка кандай камылга көрдүңүз?

– Эл катары варенье, салат, приправа жасап, пияз, картошка дагы башка кышында зарыл боло турган жер-жемиштерди сатып алып кышка кам көрүп койдум.

– Тамакты кандай жасайсыз? Кайсы улуттун тамактарын сүйүп жейсиз?

– Ашканада аял зат катары бардык тамакты эң жакшы жасайм. Кыргызмын да, андыктан менин сүйгөн тамагым эт, чучук, бешбармак. Муздаткычта дайыма уйдун, койдун, жылкынын эти турат. Кичине сууктап кетсем эле шорпо ичсем, чучук жесем айгып кетем.

– Кышка камылганы го көрүпсүз, чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

– Чыгармачылыгыма да кам көрүп жатам. Аксаган жок, өсүп жатат. Жакында эле Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылган “Саякбай” көркөм тасмасында Саякбайдын жеңесинин ролун аткардым. Боз салкын жайлоосунда тартылдык. Көчмөндөр оюнуна катышып келдим. “Кыргыз көчмөн элбиз” аттуу ыр менен Нурзат Садыкова, Мариям Бектемир кызы үчөөбүз трио аткардык. Би-Би-Си дүйнөлүк каналы мен жөнүндө документалдуу фильм даярдашты. Учурда чет жердеги телеканалдарда көрсөтүлүүдө. Көрсөтүү “Кыз Сайкал” деп аталат. Мындан сырткары сентябрдан тартып Искусство университетинде жана театралдык окуу жайда студенттерге билим берип, ардактуу мугалимдик кесибимди аркалап жүрөм.

– “Таалим тай” көрсөтүүсүнө кантип тартылып калдыңыз эле?

– КТРК телеканалындагы “Таалим тай” балдардын берүүсүндө 5 жылдан бери актрисалык ролду аткарып келе жатам. Беш жыл аралыгында апанын, мугалимдин, доктурдун, келиндин, айтор, кандай роль туура келсе бардыгын аткарып келдим. Кудай буюрса, быйыл беш жылдыгыбызды белгилейли деп жатабыз. Биз үчүн бул беш жылдык чоң дата. Сиздердин гезиттен пайдаланып, редактор Нарынбек Күрөңбаев, Кундуз Аманова, Адика Исмаилова, Мырза байкени жана кичинекей актер кесиптештеримди алдыдагы майрамыбыз менен куттуктайм! Бул берүүдө биз жеткинчек балдар үчүн жылмаюу тартуулап, бөбөктөрдү күлкү-шаңга бөлөйбүз. Чынында биздин көрсөтүү бөбөктөрдүн күтүп көргөн берүүсүнө айланды. Буга абдан кубанычтабыз. Балдардын сүйүктүү актрисасы болгонум да чоң сыймык. Жаш жеткинчектер мени кайдан көрбөсүн жылмайышып учурашып кол тамга алышып, сүрөткө түшүп калышат. Бул нерсе мага абдан жакшы таасир калтырат. Анткени балдардын дүйнөсү эң таза, аруу да.

– Театрда эмгектенип жатасызбы?

– Чүй драмтеатрында 9 жыл эмгектенип, 2014-жылы театрдан кичине четтеп, өзүмдүн жеке чыгармачылыгымды бутка тургуздум. Эки жыл аралыгында абдан кызуу эмгектенип, канчалык бир деңгээлде кыргыз элиме тааныла алдым десем болот. Ал эми театрда иштесең эртеден кечке сахнада жүрүп, спектаклдерди ойнош керек. Анда жеке чыгармачылык четте калып кетет экен. Бирок театрды таштай албайм. Жан дүйнөмө абдан жакын жер. Кудай буюрса жакынкы күндөрдө кайра театрга аралашайын, театр актрисасы катары жумушумду улантайын деген жакшы ойдомун.

– Роль тандайсызбы?

– Азыр кино актрисасы катары клиптерге, тасмаларга тартылуудамын. Кадрга түшсөң түбөлүккө тарыхта атың калат. Ошон үчүн роль сунушташса, өзүмө жаккан роль болсо баш тартпай аткаруудамын. Данияр Эрматовдун “Сүйдүрүп алам”, Айпери Кубик кызынын “Кайын энелер”, Нурлан Насиптин “Карындаш” деген клиптеринде роль жараттым.

– Аткарган ар бир ролуңуз үчүн акы аласызбы?

– Негизи актерлорго гонорар төлөнүшү керек. Мен болсо ошол тасманынын продюсерлерине, режиссер-операторлоруна жана тартылып бериңиз деп байланышкан ырчыларга силер сунуштап жаткан роль мага ылайыктуу болсо тартылып берейин дейм. “Сиз кандай роль болбосун майын чыгарасыз. Ошол үчүн сизге кайрылып жатабыз” – деп мени макул кылышат. Негизи актерлордун аткаруу чеберчилиги ар бир жанрга, мүнөзгө бөлүнөт. Мен ар тараптуу ролду аткара алган мүнөздүү жанрдагы актрисалардын катарына кирем. Ошондуктан мага бардык жанрдагы ролдорду сунушташа беришет. Анан акчасын айтышат: «Канча аласыз?» – дешип. Көңүлүңдөн чыкканын бере бер деп коем. Клип же тасма тартылып бүткөндөн кийин менин аткарган ишимди баалашат да, өздөрү да ыраазы болуп, мени да ыраазы кылып узатышат.

– Сиз мүнөздүү гана актирса эмес, ар тараптуу чыгармачыл адамсыз. Кайсы тармак сизге көбүрөөк жагат?

– Мага мугалимдик жана актрисалык кесибим жагат. Ырды болсо качан илхам келгенде ырдайм. Ырларым көбүнчө патриоттук ырлар.

– Кантип Манас айтып калдыңыз эле?

– Театрда иштеп жүргөндө Манас айтчумун да. Мурда спектаклде эле Манас айтсам, кийин бул өнөрүмдү чоң сахнага алып чыгууга туура келди.

– Мекенчилсизби?

– Патриот кыз катары өз элимди, жеримди, мекенимди сүйөм!

 – Байлык, атак-даңк, чоң кызмат кызыктырабы?

– Мени байлык да, атак-даңк да эч кызыктырбайт. Байлык колдун кири, бүгүн бар да, эртең жок. Байлык, бийлик жакшы адамдарды жаман жолго түртөт деп ойлойм. Кудай таалам ар бир адамды жаратканда ырыскысы менен кошо жаратат. Кудайыма шүгүр, жашаган жерим, машинам, ишим, мени урматтаган студенттерим бар. Маданиятыбызга өз салымымды кошсом, тарыхта кала турган жакшы иштерди жасасам ошол мен үчүн бакыт, байлык.

– Саясатка аралашып көрсөм дейсизби?

– Башканы коюп Манасты айт дегендей, саясатты коюп саякты айт дейт бизде саяктарда. Анын сыңарындай, саясатты коюп талантты айталы. Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар демекчи, саясатка аралашууга негиз жок. Кудайым мага берген талантымды элиме тартуулап, элдин сыймыгы болуп алкышка арзып, кол чабууларына бөлөнүп жүрө берейин.

– Эмнеден сүрдөйсүз?

– Бала чагымдан телеге түшүп, камеранын алдында, сахнада ойноп, элдин алдында жүрүп сүрдөө эмне экенин билбей өстүм. Эч нерсе мени сүрдөтө албайт. Ал эми толкундоолор болот. Сүйүнүч кабар укканда, Манас аткараарда толкундайм.

 – Эмнеден коркосуз?

– Жер жүзү тынч, элдин курсагы ток, жашообуз жакшы болсо, санаам тынч болуп турса мен эч нерседен коркпойм. Элдин үшүн алган коркунучтар бизден алыс болсун. Кудайым тынччылык, береке берсин элибизге!

Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: