Menu

Иштейм деген инвесторлорду “Аю” эки тиштеп, бир жутуп жатса, кайдагы өнүгүү?

Бөлүшүү:

Кыргыз парламентинде акчалуу көпөстөр көп экенин билебиз. Үргүлөп уктабай, элдин үнү менен үмүтү болгон депутаттар аз эле. Көбү бизнесинин битин сыккандар, жеке кызыкчылыгына кылдай зыян келтирбей, мандаты менен “дзотко” төшүн тоскондор. Мисалы “Кыргызстан” партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов арак бизнесинде атаандаш болом дегендердин атасын Үч-Коргондон таанытат деп уккан жайыбыз бар. Былтыр эле орусиялык инвесторлор кызылдай акчага сатып алган Кара-Балта спирт заводун быйыл кайра сатыкка коюп жатат. Иштейм деген инвесторду ушинтип Ак үй менен көк үйдөгү колдоосу күчтүү “Аю” эки тиштеп, бир жутту. Анан кайдагы инвестиция, кайдагы өнүгүүнү айтабыз?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: