Айтылуу Өмүрбек Текебаев мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге Бишкек мэри Албек Ибраимов менен анын аялына, ажонун айланасындагы Сапар Исаков, Фарид Ниязов баштаган аткошчуларына катталган дүнүйө-мүлктөрдү депутаттык мыйзамдуу укугу менен сураса, “именно кайсынысын сурап жатасың?” таризинде моюн толгогону кандай? Кежирленип. Каттоо кызматынын башчысы президенттин айлана-чөйрөсүндөгү фигураларга катталган дүнүйө-мүлктөрдүн кайсынысын сураарына кызыкса, анда жогорудагы эргулдардын эсепсиз мүлктөрүнөн баш адашабы? Сарпашевдин кежирленип, эл өкүлүнүн адамча сураган мыйзамдуу суроо-талабына жооп бербегенине ачууланган Өмүрбек Текебаев жакында коомчулукка Сарпашев боюнча сенсациялуу маалыматтар түрмөгүн чубап чыгууга бел байлап, даярдык көрө баштады. Бу Сарпашев эргул Текебаевдей анык саясатчы үчүн “күлдүн бир күкүмү” эле да. Кичине арыдан-бери болуп, кийинки жашоосунун камын ойлой жүрбөйбү? Мындай тетири кадамы менен бийликтин абийирин кайрадан төккөнгө жол чаппайбы?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ