Токиодо АКШ президенттиги үчүн башкы талапкер эсептелген Хиллари Клинтон менен Дональд Трампка адаттан тыш добуш берүү башталды.
Токиодогу кафе ээлери АКШ президенттигине талапкерлердин туулган шаарлары – Нью-Йорк менен Чикагонун рецептери боюнча бургерлерди жасайт. “Трамп” – кара ундун бөлкөсүнөн жасалат: ал саясатчынын «орус» катыктоосундагы «арам ойлуу» жан-дүйнөсүнүн символу. “Клинтон” болсо мак кошулган ак бөлкөдөн, уйдун этинен жана ичке колбасадан турат.
Гамбургерлерди жеп бүткөндөн кийин кардарларга алардын даамына жараша Клинтонго же Трапмка добуш берүү сунушталат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ