Menu

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, бул тармактагы адис катары кандай деп ойлойсуз, ун кымбатташы мүмкүнбү?

– Биздин ун базарын 95 пайыз казак компаниялары тейлеп, көзөмөлдөйт. Баа боюнча дагы, көлөм, сапаты боюнча дагы. Биздин жергиликтүү тегирмендер иштейбей жатат, алардын уну да, буудайы да жок. Демек, казак компаниялары каалаган баасын коёт. Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, биз дайыма чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз.

– Антимонополиялык комитет кырдаалга кийлигише алабы?

– Алар эч нерсе кыла алышпайт. Анткени, бул атаандаштык. Эгер бир компания рынокто 30 пайыз доминация кылса, ошондо гана кийлигише алат. Бир гана жол – жергиликтүү ун чыгаруучуларды колдош керек. Биздин өкмөт жергиликтүү тегирменчилерди колдоо максатында эмне кылууда? Кытайга ун сатабыз дешет. Буудайың жок болсо, кайсы унду сатасың?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: