Соттолгон тажик жактоочусу Бузургмехр Ёровго карата жаңы кылмыш иши козголду. Дүйшөмбү шаардык сотунан азырынча кылмыш иши аларга жете элек болгондуктан ал боюнча маалыматка ээ эмес экендиктерин билдиришти.
Бирок 6-октябрда 23 жылга эркинен ажыратылган адвокаттын туугандарынын айтымында, жакында эле өлкөнүн Башкы прокуратурасы ага каршы «Сотту сыйлабоо» жана «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Мурдараак Ёров менен дагы бир жактоочу Нуриддин Махкамов сот тарабынан улуттук, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүү чакырыктарын жасоого күнөөлүү деп табылган.
Бузургмехрдин эжеси Хосият Ёрова жаңы кылмыш иши акыркы соттук угуулардагы иниси менен мамлекеттик айыптоочунун ортосундагы кайым айтышуудан кийин козголгонун айтууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ