Menu

Эл жакшы адамды жек көрбөйт

Бөлүшүү:

Бишкекте январдын аягында шаардык прокуратура, ИИМдин ЖККБ журналисттер менен биргелешип өткөргөн “Крутой” рейдинин жүрүшүндө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин айдоочулук күбөлүгү жок “Toyota Land Cruiser 200” машинасын айдап баратып кармалышы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Алгач ал журналисттерден камерага тартпай эле коюну суранып атып эле кайдан жайдан айдоочулук күбөлүгүн таап келе койду. Сыягы, телевидениеге тартып аткандыктан жана прокурорлордун коштоосунда жүргөндүктөн болсо керек, рейд өткөргөн инспекторлор өтө “честный” болушуп, жеринде айып алып, машинаны коё берүүгө макул болушпады. Ошол эле учурда У.Жылкыбаев алгач өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү экендигин да жашырып, “тууганы болом” дегенине карабай, журналисттер аны таанып коюшту. Ошентип облус жетекчисинин жолтандабасы айып аянтчасына жеткирилип, 500 сом төлөөгө кириптер болду. Коомчулук тарабынан үлкөн чиновниктин мыйзамга баш ийип, инспекторлорго эч кандай каршылык көрсөтпөгөндүгү жана жогорку маданияттуулугу жакшы пикирлерди жаратууда. Ошондуктан ага карата бир да терс пикир айтылбады. Көрсө, эл, көпчүлүк эч качан жакшы адамды ал жогорку кызматтагы жетекчи болсо да жек көрүшпөйт экен. Андыктан башка да чиновниктер Узарбек мырзадан үлгү алып, күнөөсүн моюнга алышса жана мыйзамга баш ийишсе, карапайым элге желмогуз көрүнүшпөйт беле?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: