Кылмыш дүйнөсүнүн, “каралар” менен түрмөнүн өз эреже, мыйзамы бар экендиги белгилүү. Ал тургай темир тордун артына түшкөндөр чиновник, депутат, бизнесмен экендигине карабай ошол тартипке баш ийишет. Демек, айрыкча акыркы мезгилде бийликтин “саясый куугунтугу” боюнча камалгандардын “хатадагы” жашоосу баарыбызга эле кызык болсо керек. Алардын бири, экс-спикер жана “легендарлуу” депутат, 8 жылга эркинен ажыратылган Ө.Текебаевдин темир тордун ары жагындагы турмушу тууралуу Megacom компаниясына байланыштуу кылмыш иши боюнча 25 жылга соттолгон А.Абеков кеңири баяндап берди. Ал №47 абакта жаткан Ө.Текебаевге кат жазган. Анда А.Абеков «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түрмөдө элден бөлүнүп жалгыз олтурганына таң калат. «Текебаев түрмөдө эл сыяктуу жүрүүдөн качып, өзүнчө бир камерага жашынып алды. Ал эмнеси? Аны менен бир айыпталган Д.Чотонов эл арасында жүрөт. С.Жапаров, башка саясатчылар эл арасында. Элден качкан жалгыз Текебаев» — дейт А.Абеков этектей макаласынын башында. Андан ары түрмөдө ар ким эркиндикте жасаган күнөөсү үчүн жооп бере тургандыгы да айтылган. Чын эле Ө.Текебаев эмнеге күн көрбөй, сыртка чыкпай, таза аба жутпай, ансыз деле караңгы түрмөнүн түбүндө жашырынып жатат?!
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ