Ички иштер министрлигинде Оштун кадыр-барктуу эки жигити орунбасарлык кызматта отурушат. Экөө тең Мырзакматов айтмакчы «Ош меники» деген жигиттер. Эми булар «ИИМ меники» дегендей эле тымызын тирешке өтүшүптүр. Максаттары бирдей, министр болуш керек. СДПК үчүн жанын беришкен. Ички курам болсо «эми булардын тиреши эмне менен аяктайт?» – деп күтүп отурушат. Биз да күтүп жатабыз, кимиси алдыга озот, кимиси Икрамдын тилин табат деп. Баамыбызда Сүйүндүн шансы көбүрөөктөй, анткени акчасы да Курсандыкынан алдаканча көп дешет. Ал эми Курсан мырзанын саясий жылдызы өчүп бара жаткандай…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ