Президенттик шайлоого аз калганда Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп Акүй үчүн күрөштө жеңишти аныктоочу штаттардагы шайлоочулар менен жолугушууда. Эки талапкер тең добуш берүү жараянына катышууну али чече элек жарандарды өзүнө тартуу аракетинде.
Сурамжылоолор боюнча Дональд Трамп Огайодо алдыда болсо, Хиллари Клинтон Пенсильванияда үстөмдүк кылууда. Соңку жумада республикачыл талапкер кайрадан ийгилик жарата баштады. Атаандаштар марага жакындаганда куйрук улаш келе жатышат. Жыйынтыктарды алдын ала айтууга эч ким батына элек. Америкада 37 миллион шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берди.
Бул арада ишембиде WikiLeaks сайты демократтар партиясынын шайлоо штабынын башчысы Жон Подестанын каттарынын 31-бөлүгүн жарыялады. Буга чейин WikiLeaks анын миңдеген каттарын ачыкка чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ