Кечээ, 27-ноябрда Бишкекте өткөн КР Футбол федерациясынын кезектеги 12-конференциясында президент Алмаз Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов кайрадан экинчи мөөнөткө КР Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды.
Бул кызматка шайлоо альтернативасы жок, бир эле Семетей Султановдун талапкердиги көрсөтүлгөндүктөн конференцияга катышкан 50 делегаттын баары бир добуштан “макул” деп добуш беришти.
Семетей Султанов федерациянын президенттигине биринчи жолу 2012-жылы 7-декабрда, Алмаз Атамбаев президент болгондон бир жылдан кийин гана шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ