Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим 30-ноябрда Эфиопияда өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Ноорузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча арызды Ооганстан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Түркия берген. Бул өлкөлөрдө Нооруз 21-мартта Жаңы жыл катары белгиленет жана Новруз, Нав-враз, Неороз, Наурыз, Нооруз, Наврӯз, Невруз же Наврўз деген аттар менен белгилүү.
«Эки апта бою ар кыл салт-санааларды тутушуп, өзгөчө тамактарды жасашып, элдер бири-бириникине конокко барышат, коомдук ырым-жырымдар, майрамдык иш-чаралар өтөт» деп айтылат ЮНЕСКОнун билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Комитеттин жыйынында Тажикстан менен Өзбекстандын “аш палосун” ЮНЕСКОнун матеиралдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча арызы дагы каралат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ