Өлкөдө 15-майдан тарта аналогдук телеберүүлөр токтотуларын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарларды. Маалымат жыйынында Кыргызстандагы бардык телерадиокомпаниялардын жетекчилерине санарипсиз телеберүүлөр токтотулары расмий түрдө эскертилди.
Өкмөт башчынын тапшырмасы менен облустардагы өкмөт өкүлчүлүктөрүнө аймактардагы телеканалдардын санариптик системага өтүүсүн көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Жыйында айтылгандай, “Санарипти күйгүз” деп аталган маалыматтык өнөктөштүктүн экинчи фазасы башталды. Санариптик ТВ тууралуу суроолорго жооп алгысы келгендер үчүн 1212 кыска номурда түз байланыш телефону иштеп жатат деп маалымдайт Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
Маалыматка караганда, санариптик телерадиокөрсөтүү сигналы өлкө калкынын 95 пайызына жеткиликтүү болду. Жаздан кийин бардык аймактын тургундары социалдык пакетке кирген 13 телеканалды көрүү мүмкүнчүлүгүн алат.
Өлкө санариптик берүүгө былтыр июнь айынан тарта өтө баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ