Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Замира Акбагышеванын Чүй облусундагы 2 кабатгуу оорукананын имаратын жер тилкеси менен кошо 20 миң сомго эле сатып алып менчиктештирип алганын, дал ушул мекемени оңдоого ошол убакта иштеп турган Манас” аэропортундагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору 700 миң доллар бөлгөнүн, Акбагышева донорлорду бул мекеме муниципалдык имарат деп алдап койгонун 4-5 жылдан бери айтып көтөрүп келет. Тилекке каршы, бул маселени териштирип, укуктук баа берген орган болбоду же Айнуру айым маселени көтөргөндөн чарчабады. Минтип бул маселеге бир канча жылдан бери чырылдап кайрылып жатканына караганда Алтыбаеванын кызыкчылыгы бар же чындап Акбагышева мамлекетгик мүлктү ит бекер менчиктештирип алып, укук коргоо органдарынын оозун майлап, былыгын жаап- жашырып келе жатат? Кыскасы мындай Чубактын кунундай чубалган чырга качан чекит коюлат деген маселе күнү бүгүн актуалдуу бойдон турат. Укук коргоо органдары ак-карасын иликтеп, ак же көк деп укуктук баа берсеңер кантет?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ