Бишкекте, 10-февралда саат 21:30дарда таяк менен куралданган белгисиз эки киши «Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловду башка чаап, сабап кетишкен. Журналист медициналык “тез жардамга” кайрылып, андан кийин милицияга арыз жазган. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору Адиль Турдукулов билдирди.
Журналист Амантур Мусагулов бир нече жылдардан бери «Де-Факто» гезитинде иштейт. Ал эми гезит колдон-колго өтүп жүрүп, азыр Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун көзөмөлүнө өткөн. Акыркы айларда жалаң Иса Өмүркуловдун саясый оппоненттерин орундуу да, орунсуз да сындап келет. Көмүскө кожоюнун бир эле учурда спикерлик, президенттик, премьер-министрлик амбициялары болгондуктан сындын кароолуна көбүнчө спикер, премьер-министр жана быйыл өтчү президенттик шайлоого талапкерлер илинип турат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ