Menu

Генерал Суваналиев күч органдарынын бирине жетекчи болуп келсе, 100 күндө 35 коррупционерди түрмөгө отургузмак

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө өкмөттө же күч органдарында иштеген жаш жетекчилер иштин көзүн билишпей, аксап келатьппканы маалым. Аткаруу бийлигинде ыраатсыздык күч алды. Коррупцияга каршы күрөшүүнү көрө албай атабыз. Себеби, жетекчилерде тажрыйба жетишсиз. Качанкыга чейин чайнала беребиз? Мындай шартта генерал Өмүрбек Суваналиевди башкы прокурор же УКМКга төрага кылсак, эгерде бул эки кызматты кызгансак, анда Финполду жетектесин, ошондо коррупцияга каршы күрөшүүнүн чагылгандай тездикте ийгилигин көрмөкпүз. Каарманыбыз таза жана профессионал, ар дайым эл үчүн иштеп келген белдүү кадр.

Аныгында, биз мамлекетти көтөрүүгө, коррупциядан арылууга чындап ниет койсок, анда «Комиссар Каттаниге» чабарман чаптыралы да, «эки тизгин бир чылбырды» берели, ошондо гана Сооронбай Жээнбеков айткан 35 коррупционерди 100 күндүн ичинде кармап, казынага миллиондогон каражаттарды төктүрөт болчу. Бул реалдуу боло турган иш, жөн жерден «Комиссар Каттани» аталган эмес да. Эмне үчүн өнүкпөй атканыбызды түшүнө баштадыңарбы?

«Колдо бар алтындын баркы жок» деген күндө жашап келебиз да-а…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: