Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев улуттар аралык достук жана ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн өлкөдөгү этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнө сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Жарлыкка ылайык, өлкөнүн Интернационалдык маданий борборунун 25 жылдыгына карата маданий борборлордун ишмерлери жана активисттери ардак грамота жана орден, медалдар менен сыйланды.
Анжияндагы кыргыз улуттук маданий борборунун активисти, Жалалкудук районундагы №27 мектептин директору Үмүткан Маматалиевага “Достук” ордени, ал эми Ферганадагы “Сулуу кыз” ансамблинин көркөм жетекчиси, №25 орто мектептин мугалими Нуртажи Халибаевага “Даңк” медалы ыйгарылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ