КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов “окуучулар мектепке чай ичкени барабы же билим алганыбы” – деген маселе көтөрүп, мектептердеги түшкү тамакты убактылуу токтотуп туруу сунушун айтты. Бул тууралуу ал: “Мектеп окуучуларына жылына 450 миллион сом бөлүнөт экен. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтер кошумча каражат бөлүшөт. Мисалы, Бишкек мэриясы бир күндө бир бала үчүн 7 сомдон кошот. Тилекке каршы, каражаттар натыйжалуу колдонулбай жатат. Анткени ысык тамак берилбей эле, чай менен булочка таратылат. Ал эми китептерге болсо 120 миллион сом каралат. Бул деген үч эсе аз да. Окуучулар чай ичкени барабы же билим алганы барабы?” – деп билдирди.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ