Мектепти аяктагандардын кечесин кандай өткөрүү керектиги эмитеден талкуулана баштаганы угула баштады. Акча чогултуп мугалимдерге белек берүү, кафе, ресторандарда олтуруу ж.б. Укканыбызга караганда Бишкектеги №23- мектеп-гимназияда «бүтүрүү кечесин өткөзүүгө 10 миң сомдон чогултасыңар, 4 миң кагаз-пагазга, классты кооздогонго, ал эми 6 миң мугалимдерге белекке жана кафеге» деп жаткан экен. Э айланайын, бир класста 30 окуучу болсо, анан алардан 4 миңден чогултса 120 миң болот экен. Бул суммага эмне деген кагаз, калем, гүл, суу-пуу келет! Ошол алчу буюмдарга 200 сомдон чогултса, кеңири жетип бербейби!
Мына ушундай имиштер жөн эле жерден чыга бербейт. Андыктан Билим берүү министрлигинин Гүлмира Кудайбердиева баш болгон жетекчилиги деректирлерди тартипке чакырып туруусу сөзсүз керек. Анан да тыкыр көзөмөлдөө министрликтин бирден бир милдети!
Булак: “Багыт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ