Ушул жуманын башынан бери Жогорку Кеңештин депутаттары “эл менен жолугушабыз” шылтоосу менен дайындары жок. Аталган жума деле аягына чыгып баратат, бирок кимиси каякта элге күйүп, “эл жеген нанды жеп, эл баскан тайгак жолду ошол эл менен кошо кечип” жүрүшкөнүн азырынча уга элекпиз. Түштүк регионунан чыккан бирин-эки депутатты эске албаганда. Ортосунан айтканда 120 депутаттын айрымдары эле эл аралап жүрбөсө дээрлик көбү борбордо эле эс алып жатышкан кербездери. Кантишсин, катуу “иштеген” кишилер албетте чарчайт да, омей. Бир билгенибиз Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков акыркы үлгүдөгү жол тандабас темир тулпарын алкынтып алып Чүйдөн чыккан эл өкүлдөрүн өзү менен кошо ээрчитип алып борборго жакын турган аталган облусту кыдырып жүрөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ