Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабаңовду Талас эли 87% колдоп беришти. Эми Өмүке Талас элинен айланса болот. Чакан завод куруп берсе, элди иш менен камсыз кылса деп жатабыз. Эгер ал Таласка завод курса бийлик каршы болбойт, ошол себептүү сөзсүз эле президент болуп эмес, жөнөкөй жаран болуп деле элине кызмат кылса болот. Акчасы деле бар, мүмкүнчүлүгү да жетиштүү. Мурда Таласта Болот Шер авторитет болсо эми Бабанов анын ордун басты. Шерлер калды.
Булак: “Ачык сясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ