Пифагор деген эсептин атасы биздин коомдо жашаса, боздоп ыйлап иймек. Атургай сакалын өрттөп Ак үйдун алдында турмак. Дегеним, биздин өкмөткө эч түшүнүп болбойт. Маселен, кайсы бир нерсени сатып алыша турган болсо, асмандын баасы менен сатып алышат, ал эми мамлекеттин мүлкүн сата турган болсо, ит бекер сатып жибергенге ашыгышат. Албетте, көмүскө келишимдин жыты буруксуп, муруту жыртайып турганын эл деле түшүнүп турат. Ага болушпайт. Мисалы, 2010-жылдан кийин улутташтырылган БНК май коюучу жайын ит бекер пулдашты, ошол эле «Мегаком» компаниясынын 51% акциясын адегенде 19 миллиард сомго баалап чыгышты эле, кийин кардар келбей койду деген шылтоо менен «Мегакомдун» 100 % акциясын 14 миллиард сомго баалап чыгышты. Буга окшогон фактылар толуп жатат. Айта берсен, ааламдык кошокко айланып кетет. Деги элдин кызыкчылыгын көздөп иштеген жетекчи качан келет? Же эмне, элдин мүлкүн каалагандай чача бериш керек деген жазылбаган мыйзам барбы? Мам-мүлккө келген Болсунбек Казаков эми эмнени кыйратаар экен?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ