“Биз, СДПКнын лидери Иса Өмүркулов, “Республика-Атажурт” фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Абдыманап Кутушев болуп, чоогу Венага эл аралык парламенттик жыйынга барганбыз”, – деп билдирди камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева бүгүн, 26-февралда УКМКнын алдында журналисттерге интервью берип жатып.
“Өмүрбекке кылмыш иши ачылганын ошол Венада эле укканбыз. Бирок Өмүрбек бийлик аны камакка алалбайт деп аябай ишенимде болду. Иса Өмүркулов эмнегедир биз менен кайтпай, “ишим бар” деп Москва аркылуу учуп кетип калды. Биз билет боюнча Стамбул аркылуу учтук. Стамбулда да кылмыш иши козголгонун угуп жаттык. “Манас” аэропортуна учуп келерибиз менен самолеттон эле тосуп алып кармап кетишти. УКМКга кирип, 5 эле мүнөткө жолугуп, дары-дармектерин берип чыктым, 5-6 жылдан бери жүрөгү ооруп, кан басымы жогорулап дары ичип жүрөт, ошол дарыларын берип чыктым. Унчуккан жок”, – деди Айгүл Текебаева.
https://www.youtube.com/watch?v=J_9N4y_FZj4
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видеону Ютубга жүктөгөн Ыссык ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ