“АКЫ-Курулуш” компаниясынын директору ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектелип, кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, 5-мартта Бишкектеги Ош базарынын аймагында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында мурда издөөдө жүргөн “АКЫ-Курулуш” ЖЧКнын директору И.С. кармалган.
Такталгандай, 2016-жылы “АКЫ-Курулуш” ЖЧКсы жана Байзак айыл өкмөтүнүн ортосунда спорт комплексин куруу максатында 5 миллион сомдук келишим түзүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан курулуш компаниянын эсебине 3 782 388 сом которулган. Бирок, курулуш иштери бүтпөй, ишенип берилген акча каражаты жеке кызыкчылыкка жумшалган. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда кармалган жаран №4 убактылуу абакка киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ