Menu

Өзбекстан валюта тартыштыгын жөнгө салуу үчүн АКШдан доллар алып келди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда накталай акча тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Өзбекстан Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов билдирди. Анын айтымында, Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөгө 200 миллион доллар келди.

Төрага коммерциялык банктар чет өлкөлүк валюта үчүн апрелге чейин кайрылышпаганын кошумчалады. Чиновник доллар сатууну чектөө менен банктар өз ишин тийиштүү деңгээлде уюштура албагандыктарын көрсөтүштү деп эсептейт.

Мамаризо Нурмуратов 5-майда дагы 400 миллион доллар жеткирилерин айтты:

– Биз банктардан алдын ала сурайбыз, алардын буюртмасына жараша доллар алып келебиз.

Өзбекстанда өткөн аптада доллардын курсу кескин жогорулап кеткен. Борбордук банк сумдун арзандашын экспорттун, акча которуулардын көлөмүнүн төмөндөшү менен түшүндүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: