Menu

Алтынай Өмүрбекова: “Жыйынга келбеген депутаттарга өзгөчө чара колдонуу зарыл”

Бөлүшүү:

– Алтынай Сейитбековна, сиз демилгечилердин бири болгон Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам депутаттар арасында көп талаш-тартыштарды туудуруп жатат. Мисалы, депутаттын иштеген-иштебегени кандай критерий менен өлчөнөт, келген-кеткени кантип көзөмөлдөнөт?

– Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште электрондук чиптер турат. Кирип-чыгып жатканда ар бир депутат электрондук каттоодон өтөт. Бул биринчиден. Экинчиден, жалаң эле имаратка кирип коюп, анан «мен жумуштамын» деген бул деле жетишсиз. Анткени дүйшөмбү, шейшемби күндөрү бизде комитеттер иштейт, үчүнчү, төртүнчү күндөрү пленардык жыйын болот. Ар бир депутат пленардык жыйынга келгенге милдеттүү. Кээ бирөөлөр айтып атышпайбы «шайлоочуларыбыз келип калсачы» деп. Убакытты пландаш керек да. Шайлоочуларга өзүнчө бир күн болуш керек. Мисалы, мен аларды биринчи, же бешинчи күнү кабыл алам. «Качан жолуксам болот?» дегендерге «үчүнчү-төртүнчү күн пленардык жыйын, көптөгөн мыйзамдар каралат, биз отурганга милдеттүүбүз» деп айтам. Өзүңүз деле күбө болуп атасыз го, кээ бир учурларда мыйзам үчүнчү окуудан каралып жатканда жалаң редакциялык эле мүнөздөгү сунуштар берилиши керек. Бирок, депутаттар концепциясына кирип атат. Бул эмнени көрсөтөт? Демек, алар биринчи окууга, талкууга катышкан эмес. Үчүнчү окууга келгенде суроолор жаралып атат. Ошон үчүн биз айтып атабыз: кандай күндөрү кандай иш алып барыш керектиги бүт жазылуу. Ошого эле депутаттар кичине туура көз карашта
караса, эч кандай маселе болбойт. Бүгүнкү күндө биз ушундай мыйзамды киргизгенге аргасыз болуп атабыз. Анткени ар бир депутаттын өздүк дисциплинасы көтөрүлүшү шарт.

– Туура, бирок «бир жакка барарда фракция лидеринен уруксат сурашы керек» деген норма депутаттын укугун чектеп койбойбу?

– Мен ойлойм, эч кандай чектөө алып келбейт. Анткени бул дагы тажрыйбадан алынган нерсе. Кээ бир учурларда фракция лидери кайсы бир депутатты чакырып, сурап, же издеп калса «ал чет өлкөгө чыгып кетти» дешет. Фракция – бул өзүнчө уюм да. Бул жерде бир көз караш, бир позиция болуш керек. Фракциянын ичинде талкууланып жатканда ар кандай көз караштар айтыла берет, бирок, палатага алып чыкканда мен ойлойм, бир көз карашта чыгышы керек. Анткени бул жерге бир көз караштагы, бир ойдогу идеялаш кишилер топтолду да. Кимдир бирөө чет өлкөгө кетсе, анын эмне максатта кеткенин фракция лидери билиши керек.

– Жыйынга катышпаган депутаттарды буга чейин деле этика комитети карап, чара көрүп келбеди беле? Же ал чаралар жетишсиз дейсиздерби?

Жогорку Кеңештин тарыхында ошондой депутаттарга канча чара көрүлгөнүн мен азыр айта албайм го. Эмгек кодексине ылайык, үч саат жумушта болбогон кызматкер жумуштан кетиш керек. Бирок, Конституцияда ушундай каралып калыптыр, депутат качан мандатынан айрылат – бир сессиянын ичинде отуз жолу жыйынга келбесе. Бирок, ошонун ичинде мен ойлойм, акча менен регуляция болуш керек. Анткени, бүгүнкү күндө бизге эмгек кодекси иштебей жатат да. Отуз жолу келбей коюшун күтпөй, дагы кандайдыр бир өзгөчө чараларды көрүп, акча менен кичине таасир бериш керек го…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: