Menu

Алмаз Атамбаев: “Алгач “Кумтөр” алтын кенинде биздин өлкөнүн үлүшү 67% болчу, кийин 16%га түшүрүшүптүр. Жеке мен Акаевди эч качан кечирбейм”

Бөлүшүү:

“Алгач “Кумтөр” алтын кенинде биздин өлкөнүн үлүшү 67% болчу, кийин 16%га түшүрүшүптүр. Жеке мен Акаевди бул үчүн эч качан кечирбейм”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Мурунку президент Акаев жөнүндө, “кечирип кой аны” деп көп айтышат, кантип мындай адамдарды кечиресиң? Бизде 1000 тонна алтын бар болчу, аны менен фильмдерди, маданият жана искусствону каржыласак болмок. Ук, сен [Акаев], 1000 тонна алтынды өзүңдүн териң үчүн, тойбос үй-бүлөөң үчүн тайкеңе берип койдуң. Биздин эл ачкачылыкта жатканда, кантип мындайды кечиресиң”, – деди Атамбаев.

“Бакиевдер, бардыгы билгендей эле, акчаны ошол эле Березовскийден алышкан. Алар төлөштү, албетте 400 эмес, а 70-80ден, бирок 2 жолу 300 сомдон сатылган нерсени, биз 165-170 млн. долларга саттык. Мындай адамдарды кантип кечирүүгө болот? Кантип мындай “иттин балдарын” кечирүүгө болот, ушунча арамзалык кылгандарды кантип кечирсе болот? Эч качан кечирбейм, билбейм, балким менден кийин бирөө кечиреттир”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: