Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Президент Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди.

Мамлекеттер башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашышты, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Андан соң эки мамлекеттердин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Эске салсак,  Россия Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, таң эртең менен Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: