“Кээ бир депутаттар, коомдук ишмерлердин “рейстерди биз уюштуруп жатабыз” дегени чындыкка дал келбейт. Эл аралык авиакаттамдарды ишке ашыруу Өкмөттүн, Жол министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, авиация агенттигинин укугу экенин ар бир адам билет. Алар бизге (элчиликке) кайрылат. Мисалы, Новосибирсктен жарандар учканда, биз Новосибирсктин губернатору менен сүйлөшкөнбүз. Екатеринбургдан дагы учту, биз Екатебинбургдун губернатору менен сүйлөштүк. Бул жактан Росавиация, Тышкы иштер министрлиги, Роспотребнадзор менен сүйлөштүк. Айрым депутаттардын, ишмерлердин “Мен сүйлөшүп жатам, кыйратып жатам” дегени ушундай кыйын мезгилде элди дүрбүтүп, өзүнө саясий упай топтойм дегени кыянаттык” – деп билдирди Кыргызстандын Россия Ферерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ