Menu

Азимкан Жусубалиев эмне үчүн адилетсиз оор статьялар менен соттолуш керек? – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго

Кайрылуу

Биз, коомчулуктун төмөндөгү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мурдагы транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиев Азимкандын УКМК тарабынан коррупцияга шектелип камалганына он айдан өтүп, анын тергөө иштери аяктагандан кийин, ал иштин биринчи инстанциясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралганынан кабарыбыз бар. Ошентип тергөөнүн версиясы боюнча, Азимкан италиялык “Тодини Конаруциони Дженерали”компаниясына Түндүк-Түштүк 70 чакырым аралык жол тилкесин реконструкциялоо тендерине утууга жардам берип, алардан пара алган деген шек коюлган.

Бирок, чынында болгон фактысы – аталган италиялык компания ошол тендерге катышып, он жети компаниянын арасынан тендерге берген финансылык сунушу 46 миллион доллар түзүп, өз ыктыяры менен 6 миллион доллар жеңилдик берүүгө даярдык көрсөтүп, тендердик конкурста экинчи орунду ээлеген. Учурда, ал компания жогоруда айтылган жолду реконструкциялоо иштерин түзүлгөн контрактын негизинде ийгиликтүү улантылууда. Мына ушул фактынын өзү эле, Азимкан Жусубалиев менен аталган компаниянын ортосунда эч кандай сүйлөшүүлөр болбогондугун айкын-ачык далилдеп турат, бул биринчиден.

Экинчиден, жогоруда аталган тендердик комиссияга эң төмөнкү 39 миллион долларлык сунушун берген азербайжандык “Азвирт” деген компаниясына биринчи орун ыйгарылган. Бирок, ал компания тарабынан жарым жыл ичинде өздөрү уткан контракка кол коюдан баш тартып, министрликке кат аркылуу билдиришкен экен. Бул тендерде “Азвирт” компаниясы тарабынан да, министрлик тарабынан да кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгону жөнүндө эки тараптан тең эч жакка кайрылуулар болгон эмес. Ошондон кийин контрактын процедурасы боюнча министрлик контракта экинчи орунду ээлеген “Тоддини” компаниясына ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат.

Анын үстүнө, тендердик комиссиянын ведомстволор аралык статусу болгондуктан, анын курамына бир канча министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери да кошулуп, анда Азимкан Жусубалиев бир гана добушка ээ болгон. Ошондой болсо да, айта кетүү керек,

Биринчи май райондук сот процесстеринин жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу, прокурор өз сөзүндө: “Тендер проведен на законных основаниях и прозрачно” – деп айтканы, нукура чындык. Андай болсо, Азимкан Жусубалиев эмне үчүн адилетсиз оор статьялар менен соттолуш керек? – деген мыйзамдуу суроо жаралат.

Андыктан эске алына турган жагдай – биз баарыбыз жарым кылымдан ашуун кызматташ болуп, республиканын өндүргуч күчтөрүн өркүндөп өсүшүнө татыктуу салым кошуп, айрыкча, Кызыл-Кыя шаарынын биринчи жетекчилик кызматында тогуз жыл иштеп, Ильяс Жусубалиевдин жетекчилигинде СССРдин  Коргоо Өнөр Жайынын машина куруу, Тамак-аш өнөр жайынын ири тамеки фирментациялоочу заводдорун курдуруп, социалдык, коммуналдык проблемалар да, ийгиликтүү чечилип, шаардын архитектуралык келбети түп-тамырынан бери өзгөртүлгөн.

Ушул сыяктуу эле Алай райондук Советинин төрагалык кызматына которулгандан кийин ал жакта да Ильяс Жусубалиев райондун борбору Гүлчөнү иретке келтирип, 1991 жылдын август айында Республикабыз өз алдынча эгемендүү мамлекет болоор алдында Курманжан датка энебиздин 180 жылдык маарекесин жогорку эл аралык деңгээлде уюштуруп өткөрүүдө Ильяс Жусубалиевдин баа жеткис эмгеги болгон.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биздин максатыбыз жөн жайынан эле Сизге И. Жусубалиевди мактоодо эмес, айтыла турган негизги ой-пикирибиз атасынын ушундай элдик иштерди жасаганын өз жайында көрүп, билип жүрүп, тиричилигин адал эмгек менен өткөрүүгө тарбияланган Жусубалиевдин уулу Азимкан коррупциялык ишке аралашты деген дооматтар бизди да терең ойлондуруп, Сизге билдирээрибиз биз баарыбыз коррупцияга каршы жүргүзгөн Сиздин аёосуз күрөшүңүздү ар тараптан колдойбуз. Бирок айрым учурларда укук коргоо органдары тарабынан бул иштерди алып барууда ойлонулбаган калпыстыктарга жол берилип, Сиздин бул багытта жүргүзгөн саясатыңызга залакасы тийип жатканы жөнүндө коомчулукта активдүү сөз болууда.

Бул жагымсыз окуя Ильяс Жусубалиевдин өзү үчүн да, өтө оор трагедия болду. Анын жубайы алдыңкы катардагы математик мугалим Кенентаева Токтокандын энелик жүрөгү уулу Азимкандын камалып калышын көтөрө албай, ааламдан өтүп кетти. Азыркы учурда Ильястын өзүнүн ден-соолугу да начарлап, эки көзүнө операция жасалды. Ильястын атасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, Ильяс өзү жалгыз бала болгону аз келгенсип, эми анын жалгыз уулу Азимкандын адилетсиз камалып калышы Жусубалиевдер үчүн кыямат кайымдай эле оор адам чыдагыс окуя болгонуна баарыбыздын зээнибиз кейип, жүрөгүбүз сыздап, кайгырбаган киши жок.

Ошондуктан, өзгөчө белгилеп айтаар элек. Азимкан Жусубалиев өзүнүн үйүндө 50 миң доллар пара алып жатканда УКМК кызматкерлери тарабынан
кармалды деп, коомчулукка жар салган маалыматтар, жогоруда айтылган Италиялык компанияга эч кандай тиешеси жок көчө адамдары тарабынан эле кыргызстандык Жакыпов Кайрат, Казакстандын жарандары: Жапасов Талгат жана Гулрузов Бехруздардын өз ара сүйлөшүп, Азимкандын бөлөсү деп айтылган Токтобаев Болот аркылуу уюштурган провокациясы болгон. Бул жагдай боюнча сот процессинин жүрүшүндө Токтобаев Болот: “45 миң доллар акча меники, ал акчаны жогоруда сөз болгон өзүнүн көптөн берки досу – казахстандык Жапасов : Талгаттан жеке бизнесине, анан ден соолугуна байланыштуу 2018-жылдын 5-декабрында карызга алып, Азимкан Жусубалиевге, же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине айтпастан, балконго бекитип койгон элем” – деп билдирген.

Ал акча жөнүндө Азимкан таптакыр билген эмес, ал тургай анын колунун изи да болбогон. Азимкан Жусубалиевдин үйүн тинтүү жасаганда, ал жерде протокол түзүлбөстөн, кийинки күнү протокол ГКНБнын СИЗОсунда түзүлүп, Азимкан Жусубалиевге ошол жерде кол койдурушкан. Буга кошумча айта кетүү керек, тинтүү жасашкан ГКНБнын кызматкерлери: “Биз Токтобаевдин артынан келдик”, Азимкан  Жусубалиев бизге күбө катары көргөзмө берип эле кайра келет дешип, ошол бойдон аны коё бербей коюшкан, протоколуна үйдүн ээлеринен да, ал жердеги көптөгөн коноктордон да, бир кишиге кол койдурушкан эмес.

Ал тургай, Токтобаевге да, Жусубалиевдин короосунда тинтүү жасашкан. Ырас, ошондой болгон соң, ким кепилдик берет? Токтобаевдин чөнтөгүндөгү акчасын күч органдарынын кызматкерлери алып, аны Жусубалиевдин балконуна ыргытып таштап, кайра ал акчаны өздөрү таптык деп айтпашына?

Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөн Жапасов Талгатка 50 миң доллар акчаны Гулрузов Бехруз өзүнүн туугандарынан жана досторунан карызга алып бергени жөнүндө сот процессинде көргөзмө берип, башка суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле, негизги арыздануучу – Жакыпов Кайрат сот процессинде өзүн ГКНБнын мурдагы кызматкери экенин билдирип, Азимкан Жусубалиев менен эч кандай байланышы жоктугун, тендер жөнүндө, акча каражат жөнүндө андан бир да сөз уккан эмесмин деп, Токтобаев экөө кээде квартира жалдап бирге жашап жүрүшкөнүн билдирген.

Мына ушул жогоруда аталган фактылардын негизинде, Азимкан Жусубалиев жөнүндөгү, ушул иштин башталышында массалык маалымат каражаттары: газета, телевидение аркылуу чуулгандуу резонанс жасашып, 520 миң, 400 миң, 120 миң доллар акча каражаттар жөнүндө жарыяланган маалыматтар демократиянын шарданында, коомчулуктун аң-сезимин уулашып, чындыкка коошпогон провокациялар экендигин баса белгилеп, аны калайык-калкыбыздын калың катмарына жеткирип коюу көп жылдардан бери мамлекеттик жана коомдук иштерде жетекчилик милдетибизди эли-жерибиздин келечеги үчүн абийирдүүлүк менен так аткарып жүргөн аксакалдар катары биздин парзыбыз да, карызыбыз да экендигин Сизге билдирип,

Урматтуу Президент!

Конституциянын кепили катары, Биринчи Май райондук сотунун адилетсиз чечиминен кийин сотторго ишене албай, өзүңүздүн адилеттуү жардамыңызга мажбур болуп, Сизге кайрылууну туура көрдүк.

Биринчи Май райондук сотунун адилетсиз чечимине Азимкан Жусубалиевдин адвокатынын Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча сот коллегиясына жиберген аппеляциялык даттануусу тиркелет.

Урматыбыз менен Кыргыз Республикасынын Экономикалык-Социалдык өнүгүшүнө татыктуу салым кошушкан Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер:

Э.А. АБАКИРОВ, А.Ж. ЖУМАГУЛОВ, М.Ш. ШЕРИМКУЛОВ, Ф. Ш. КУЛОВ, С.А. АБЛЕСОВ,А. МАТУБРАИМОВ, 0. Д. ДҮЙШЕЕВ, К. М МУКАМБЕТОВ, Ж.Ч. ТАШЫБЕКОВА, Ж. Т. ТУМЕНБАЕВА, Б.А. МАМЫРОВА, Б.Т. УСУБАЛИЕВА, К.А. АПАИТОВА, Э. К. КАСЫМАЛИЕВ, ЖУМАН АКИМАЛИЕВ, М. М. АЙБАЛАЕВ, А. М. ТАРАКАНОВ, Ж.А. АБДЫРАХМАНОВ, Т.И. ИШЕМКУЛОВ.К.С. САРГАЗАКОВ, К.Ж. АШИРАЛИЕВ, Т.А. КУЛУМБАЕВ, С. С. АТАДЖАНОВ, А.А. АРАКЕЕВ, Н.Д. МАМАКЕЕВ, Т. С. САПАРБАЕВ, Ж.Ч. ШАРАПОВ.

Кыргыз Республикасынын илимпоз-окумуштуулары:

М.М. МАМЫТОВ, медицина илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Д. К. КУДАЯРОВ, медицина илимдеринин доктору, академик. Х.С. БЕБЕЗОВ, медицина илимдеринин доктору, академик.

Т.А. АБДЫРАХМАНОВ, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ректору, профессор.

В.И. НИФАДЬЕВ, Кыргыз-Орус Славян Университетинин ректору, академик.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары жана акындары:

Н.А. АЛЫМБЕКОВ, М.Т. БАЙЖИЕВ, М.А. ААМАТОВ

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: