Аргентина курама командасы менен Испаниянын “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси France Football журналынын сурамжылоосу менен жылдын мыкты футболчусу аталып, “Алтын топту” алтынчы ирет алып олтурат. Экинч орунда – голландиялык коргооочу, англиялык “Ливерпулдун” оюнчусу Виирджил ван Дейк. Үчүчнчү орунда – атактуу португалиялык чабуулчу, италиялык “Ювентустун” оюнчусу Криштиану Роналду.
Месси 2018/19-сезондо “Барселонанын” курамында Испаниянын чемпиону болду, 36 топ, Чемпиондор лигасында 12 топ киргизди. Жалпы 51 топ киргизген. Азыр ал 32 жашта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ