Кечээ, 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 14-октябрында Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиев менен болгон эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселелер, анын ичинде, Бишкек шаарында жалпы билим берүү мектебин, ошондой эле Гейдар Алиев атындагы сейил бак куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министр Ч.Айдарбеков, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык корпустун дуайени Г.Оруджев мырзанын кыргыз-азербайжан мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө олуттуу салымын белгилеп, ага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы» юбилейлик медалын тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ