Menu

Кенжебек Бокоев, РАЖ депутаты: Мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөр менен прокурорлор да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек

Бөлүшүү:

– Кенжебек Сатымкулович, комитетте сиз келтирген маалыматка караганда, жылына 250дөн ЗООгө чейин адам «күнөөсү жок» деп соттор тарабынан акталып чыгат экен. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот?

– Демек, ошол ЗООгө жакын адамга тергөөчүлөр мыйзамсыз иш козгогон, аны көзөмөлдөгөн прокурорлор жакшылап көзөмөл жасашкан эмес. Алар СИЗОго отурду, же болбосо үй камагына отуруп, моралдык жана материалдык зыян тартты. Анан соттон акталып чыгышты. Демек, тескери процесс кетиши керек эле да. Туура эмес иш козгогондор, көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөн прокурорлор жоопкерчиликке тартылышы керек эле. «Эмне үчүн 300 адамга фактыларың жетишпесе да туура эмес иш козгодуң?» деп соттор жеке аныктама чыгарып, жоопкерчиликке тартып, камаганын камаш керек эле. Бирок, ушул эле статистиканын экинчи жагын карасак, бир да тергөөчү, же көзөмөлдөгөн прокурор кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Демек, тергөөчүлөр биртике шыбыш болсо эле акча алыш үчүн, же башка максат менен каалагандай иш козгой берет. Көрүнгөнгө иш козгоп жатышат. Ошон үчүн мен маселе койдум. Мыйзамсыз, же жетишсиз фактылар менен иш козгогон учурда тергөөчүлөр менен прокурорлор да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек, атайын беренелер бар бул боюнча.

– Прокуратуранын укугу аябай чектелип калды деген пикирге сиз кошуласызбы?

– Кээ бир коллегаларыбыз «прокуратурадан тергөөнү альш салды, кайра киргизиш керек» деп айтып атышпайбы. Мен тескерисинче, прокуратурада тергөө болбошу керек дейм. Ал – көзөмөл органы. Ал тергөөнү да көзөмөлдөөгө тийиш. Тергөөнү көзөмөлдөгөн прокуратура өзү тергеп атса, аны ким көзөмөлдөйт? Мен баардык министрликтерден (прокуратураны кошкондо 6 министрликте тергөө бар) тергөөнү алып салып, тергөө комитетин түзүүнү сунуш кылып келгем. Эми деле ошол ойду карманам. Анткени, тергөө коз карандысыз болуп, эч кимге баш ийбеши керек. Бул-юрисдикциянын принциби. Бирок, бүгүнкү күндө тескерисинче болуп, райондогу тергөөчү РИИБнин, облустагы тергөөчү ОИИБнин начальнигине, БТБ ички иштер министрине баш ийет. Опер кызматкер бир кабинетте кармалган адамдын «өпкөсүн үзүп» атат, экинчи кабинетге тергөөчү коркутуп-үркүтүү менен көрсөтмөсүн алып жатат. Эгер төргөө өзүнчө болсо, ошондо кыйноолор токтойт, РИИБнин көрсөткүчтөрүн жогорулаталы деген аракеттер токтойт.

– Сот системасын гумандаштыруу максатында Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жаткан турбайбы. Ал кандай өзгөрүүлөргө алып келет?

– 2019-жылдан тарта төрт-беш жаңы кодекстер кирип жатат. Буга чейинки системаны биз карателдик система десек, тоок уурдаган адам деле ууру катары түрмөгө отургузулчу да. Эми жаңы кодекстерде ушул жагынан системативдүү өзгөрүүлөр бар. Бузуулар (проступок) жөнүндө деп аталган жацы кодекс кирип атат. Башкача айтканда, кимдир бирөө тоок уурдаган болсо, ал мурдагыдай түрмөгө камалбайт. Айып төлөө сыяктуу башка чаралары каралган. Бирок, тергөөчүлөр, соттор да 2019-жылы 1-январдан ошол кодекстерди колдонууга даяр болушу керек.

Керим Мурас

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: