Menu

Майк Помпео мамлекеттик катчылыкка бекитилди

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы жетекчиси Майк Помпео дайындалды. Анын талапкерлигин Кошмо Штаттардын Сенаты жактырды.

Майк Помпео америкалык дипломатиянын башчылыгына Рекс Тиллерсон кызматтан кеткенден кийин көрсөтүлгөн.

Бирок анын талапкерлигин демократтар катуу сындап, Трампка жакындыгын жактырышкан эмес.

Помпео Орусияга болгон жумшак саясаттан баш тартууга үндөп, Москвага каршы санкцияларды кеңейтүүнү жактап келген. Помпеонун пикиринде, Орусия президенти Владимир Путин качандыр бир кездеги үлкөн держава макамын кайтарууга жан үрөп, АКШнын позициясын алсыратуу идесын көздөйт.

54 жаштагы Майк Помпео былтыр 23-январда ЦРУнун директорлугуна дайындалганга чейин 2011-2017-жылдары АКШ Конгрессине Канзас штатынан мүчө болгон. Кезинде Гарвард университетинен билим алган. Ал АКШнын жетимишинчи мамлекеттик катчысы болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: