Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрүп, жакынкы келечекке карата бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү менен ишеним билдирди.

«Бул чоң ишеним катары кабылданып, бардык күч-аракетти Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана эл тараптан көрсөтүлгөн ишенимди актоого жумшоо керек. Бизге жүктөлгөн ишенимди биз ак эмгегибиз аркылуу ак ниет иш алып барып, адилеттүү чечимдерди чыгарганда гана актай алабыз», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы билдиргендей, Өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» программасы өзүнө өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги экономикалык багыттарды жана ырааттуулукту камтып турат. Аталган Программа 2013-2017-жылдарга кабыл алынган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына негизделген жана ЕАЭБге кошуулуу алкагындагы жаңы мүмкүндүктөргө жана чакырыктарга жооп берет.

Премьер-министр министрлик жана ведомстволорго аталган Программага таянып, өз максат-милдеттерин ага ылайык иштеп чыгууну тапшырды.

Парламенттин жыйынында «Ишеним жана биримдик» программасын талкуулоо учурунда депутаттар министрлик жана ведомстволор деңгээлинде чечилчү бир катар көйгөйлөрдү көтөргөн. Бирок айрым жетекчилер көптөгөн маселелердин чечилишин создуктуруп, жоопкерчиликти албагандыктан, маселени Өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгууга туура келүүдө. Ар бир министр жана ведомство жетекчиси өзүнө жоопкерчилик алып, маселени мыйзамга ылайык чечүүсү тийиш», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы ошондой эле вице-премьер-министрлердин алдына бир катар тапшырмаларды, анын ичинде тигил же бул тапшырмаларды аткарууда милдеттерди тыкыр көзөмөлгө алуу маселесин койду.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жакынкы пландарына, анын ичинде күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү , ЕАЭБдин мындан аркы интеграциясын активдештирүү, бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо иштерине токтолду. Ал өзгөчө мындан ары пенсия, айлык акы жана жөлөк пулдун убагында төлөнүшүно басым жасады.

Премьер-министр жарандардан өзгөчө мамлекеттик тейлөөлөр тууралуу нааразычылыктар түшүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Маалымат жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге ушул жылдын аягына чейин мурда  белгиленгендей 20 дай мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды.

Соңунда  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы курамынын алдына өз ишмердүүлүгү жана иш жыйынтыгы аркылуу коомчулуктун ишенимин арттыруу, калктын көйгөйлөрүн жеринде  ыкчам чечүү үчүн Өкмөттүн Аппараты менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосундагы байланышты жакшыртуу тапшырмасын койду.

«Өкмөт жоопкерчиликти өзүнө алып, мобилдүү болуп, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечиши керек. Өлкө жетекчилиги жана Өкмөт тарабынан чиновниктердин ишин баалоонун талабы күчтүү болот. Биз мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын конкреттүү жыйынтыгы ийгиликтин негизин түзөөрүн унутпашыбыз керек», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: