Menu

Орусияда мигранттарды аскерий туткун сыяктуу кармашууда

Бөлүшүү:

Орусиялык укук коргоочулар 20-октябрда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо максатында Туланын борбордук базарында жүргүзүлгөн рейддерди психологиялык кыйноо деп эсептешүүдө. Алар кармалгандарга жасалган мамиле — туткундарды мажбурлап иштетүүгө алып бараткандай көрүнүштү элестеткенин белгилешти.

Орусиядагы эмгек мигранттарына укуктук жактан жардам берген укук коргоочу Валентина Чупик эки күндүн ичинде Туладагы мигранттардан ондогон даттануулар болгонун билдирди.

«Алар атайын кармоочу жайлардан жазып, телефон чалып, мыйзамсыз кармалгандыктарын билдиришүүдө. Мен алардын атынан расмий түрдө жогорку инстанцияларга доо арыз берип коюу үчүн жеке маалыматтарын сурадым. Бирок эч кимиси жөнөткөн жок, коркушту. Анткени полиция кызматкерлери даттансаңар Орусиядан депортация болосуңар деп эскертишкен», — укук коргоочу.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери деле адамдарды согуш туткундарындай кылып колонналарга тизип, колдорун көтөртүп сааттап дубалга такап турууга болбой турганын билишет, ошондуктан даттанган мигранттарды депортация менен коркутушкан.

Валентина Чупик акыркы убактарда Орусиянын шаарларында эмгек мигранттарына карата жапырт рейддер көбөйгөнүн айтууда. «Жакында эле мындай көрүнүштөр Владивостокто, Сахалинде жана Приморье крайында болгон. Мындай аракеттердин себептери айтылган жок, бирок менимче мигранттарды мындай демонстративдик түрдө кармоо менен бийлик жергиликтүү калкты коркуу сезимдери менен кармап турууну каалап жатат», — деди ал.

Ал ортодо Тула облустук полиция башкармалыгынан мигранттарды кармоо жана жапырт документтерди текшерүү — мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча адаттагы эле рейд экенин билдиришти. Туладагы эки күндүк рейддин жүрүшүндө 78 эмгек мигранты жашаган жеринде катталбаганы аныкталган.

Жубайы менен бирге рейд маалында кармалган тажик мигранттарынын бири Саъди полициянын мындай аракеттерин кемсинтүү деп эсептейт. Бирок жумушун жана киреше булагын сактап калуу үчүн булардын барына чыдоого мажбур.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: