Menu

Мэриянын иш-аракети ачык болбогондуктан, Бишкектин парк жана сейил бактары жоголуп кетүү коркунучунда турат

Бөлүшүү:

Бишкектин бардык парктары жана сейил бактары мэриянын иш-аракетинде ачыктык болмоюнча жоголуп кетүү коркунучунда турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, курулуш үчүн бөлүнгөн ар бир документ жана справка жарандарга жеткиликтүү болушу керек. «Бардыгы ачык жана таза болушу керек, ошондуктан биздин партия МКБнын (Муниципалдык курулуш бшкармалыгы) бардык документтеринин онлайн-базасын түзүүнү демилгелейт. Мында бардык жетекчилердин колу коюлушу керек, антпесе парктар жана бульварлардын ордуна биз жакында бетон токойлоруна кептелебиз», – деп эсептейт депутат.

Ал белгилегендей, жакында ММКларда бишкектиктердин Сухомлинов-Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги чакан сейил багы үчүн болгон бишкектиктердин күрөшү боюнча жазылган. «Мэрия буга убагында жооп кылып, курулушту токтоткондору жакшы болду. Бирок жергиликтүү эл курулуш компаниясынын бул участокко укуктары боюнча документтерин талап кылышса, бийлик аны көрсөтпөй жатса, бул маселе элдин пайдасына чечилет деп ким кепилдик бере алат?», – деп суроо берди Мирлан Бакиров.

Ал билдиргендей, бул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөр жарандардын мамлекеттик структураларга болгон ишенимин жоготуп гана койбостон, келечек муунга да кедергисин тийгизүүдө. «Биз мыйзамсыз курулуштар менен болгон күрөштү мамлекеттик саясатка чейин көтөрүшүбүз керек, антпесе бизде реформалар боюнча кооз сөздөр эч кандай иш-аракеттер менен бекемделбейт. 21-кылымда коомдук маанидеги документтерди катып алуу уят эле иш», – деди Бакиров.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: