Кечээ, 2-мартта Украинанын батышындагы көмүр кенинде жарылуудан кеминде сегиз жумушчу мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Львов облусундагы кырсыктан бир нече кенчи жараланды. Авария учурунда шахтада 172 жумушчу иштеп жаткан.
Кырсык 550 метр тереңдиктеги жер алдында болгон. Метан жарылгандан кийин шахта ураган.
Кенчилердин өлүмүнө байланыштуу Украинада аза күтүү жарыяланды.
Мамлекеттик “Львовуголь” ишканасына таандык “Степной” кени Польша менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Ал 1978-жылы ишке берилген. Жылына 2,4 миллион тонна көмүр казылып алынат. Шахтада метандын курамы көп жана жарылуу коркунучу жогору деп табылган.
Быйыл январда дагы кенде көчкү жүрүп, бир жумушчу жаракат алган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ