Орусия, Түркия жана Иран Астанда өтө турган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катышарын ырасташты. ТАСС Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго шилтеме берип билдиргендей, Астана башка өлкөлөрдүн макулдугун дагы күтүп жатат.
Астанада 23-24-январда өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусия, Иран жана Түркия биргеликте согуштук аракеттерди токтотууну камсыздоого сөз байлашкан.
Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча Сириядагы куралдуу оппозиция Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн датасын жылдырууну талап кылууда. Алар мындан тышкары оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда ок атышууну токтотуу келишимин толугу менен сактоону жана мажбурлап көчүрүүнү токтотууну суроодо.
Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын 14-15-мартта өткөрүү пландалууда.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ