Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жаңы стратегияны ишке ашыруу менин жеке көзөмөлүмдө

Бөлүшүү:

“2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын “Биринчи радиосуна” берген кезектеги маегинде.

“Коррупция менен күрөш кагаз түрүндө калбайбы?” деген суроого жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков стратегиянын аткаруу мөөнөтү бар экенин баса белгиледи.

«Коопсуздук кеңеши тиешелүү министрликтер, ведомстволор менен иш алып барышат. Дагы талап күчөйт. Бул менин түздөн-түз көзөмөлүмдө болчу иш, элге берген негизги убадаларымдын бири бул коррупция менен күрөш», – деп өзгөчө белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: